17 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 6-февралда Минск шаарында старт ала турган "Өнүгүү Кубогу" эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эки тайпага бөлүнгөн командалар бир турдук оюндарды өткөзөт. Андан соң тайпалык этаптын жыйынтыгы менен турнирдик жадыбалдагы орундар боюнча финалдык беттештер орун алат.
⠀
Кубок үчүн тогуз мамлекеттин өспүрүмдөр курамалары катышат. Алар: Азербайжан, Беларусь, Грузия, Израиль, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Молдова, Тажикстан Өзбекстан жана Беларустун U-16 курамасы.
Башкы машыктыруучу Самат Суймалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз курамасы 5-февралда Минск шаарына сапар алат.