Ысык-Көл облусунун Түп районунда 2 эркек киши газга ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үйдөгү жылыткычтан өрт чыгып, каза болгон жарандар газга ууланып калган. Алардын бири 1974-жылы туулган болсо, экинчиси 1986-жылы туулган.
Жансыз денелерден эч кандай кыйноонун белгилери табылган жок. Соттук-медициналык экспертиза даярдалды.