Ысык-Көлдө электр тармактары ишканасынын мас кызматкери жол кырсыгына себепкер болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-январда Жети-Өгүз районунда Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарынын ортосундагы жолдо болгон. Анда Жети-Өгүз райондук электр тармактары ишканасынын 34 жаштагы кызматкери Фольксваген – Гольф 3 кызматтык унаасы менен бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, Хонда-Одиссей унаасы менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынан улам кызматтык унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй, кызматтык унаанын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалында болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Унаа айып короосуна киргизилген.