Жалал-Абад шаарында чогуу спирт ичимдигин ичип, андан кийин шеригин тоногонго шектүүлөр кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалгандар 2 айга камакка алынды.
Белгилүү болгондой, 19-январда таңкы саат 4:45 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милиция кызматкерлерине телефон чалуу болгон. Анда 1978-жылы туулган А.А. аттуу жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылганы кабарланган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу А.А. 18-январь күнү саат 23:00 чамасында кафелердин биринде шериктери менен спирт ичимдигин ичишкендигин, ал жерден чыккан соң чогуу отурган балдар уруп, 20 миң сом акчасын жана 8000 сомдук уюлдук телефонун алып коюшкандыгын билдирип, арыз жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене ("тоноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары Сузак районунун 1981-жылы туулган А.С. жана 1988-жылы туулган А.Э. аттуу тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, тергөө амалдары уланууда.