"Биринчи орунда iPhone 14". 2022-жылы эң көп күтүлгөн смартфондордун рейтинги жарыяланды

Mozillion компаниясы 2022-жылы эң көп күтүлгөн 20 смартфондун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, изилдөө Google издөө сурамдарынын маалыматтарына негизделген. Биринчи орунга 1 миллиондон ашык издөө менен iPhone 14 чыккан. Смартфон 2022-жылдын сентябрында жарыяланышы керек.

Экинчи орунду Samsung Galaxy S22 ээледи. Бул уюлдук телефон 50 миңден ашык жолу изделген жана 9-февралда коомчулукка жарыяланат. Ал эми үчүнчү орунга Apple iPhone SE 3 285 миңден ашык издөө менен чыккан. Телефондун бет ачары ушул жылдын жаз айына пландаштырылган.

Мындан тышкары, тизмеге Vivo V23, Xiaomi 12, Google Pixel Fold жана Oppo Find N смартфондору да кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chagylgan7
2022-02-02 18:43:50
Че то Айфон 11,12,13,14 про макстар бири бирине окшошуп Эле калды .Айфон 13 тун эле эки камерасы башка башка жерде болбосо,13 про Макс 12.11.14 про макстан айырмасы жок .Ошол учун да 11 про максты продажадан алып салышкан окшойт
0
Beck_13
2022-02-02 19:42:00
Супер инфо Samsung 50 минден ашык эмес, 518 000 деп жазылып турат го ылдыйкы таблицада. Сабаттуу адамдарды жумушка алсанар !!!
Катуу тийсе капа болбогула !!!
+2
Mularamov
2022-02-02 23:32:29
Beck_13, бирдемкени кочуруп жазганды дагы эптей албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан