"British Airways" компаниясынын учагы катуу бороондон улам Лондондун Хитроу аэропортуна конуп жатып оодарылып кете жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 31-январь күнү ылдамдыгы 144 чакырымга жеткен бороондон улам учак учуп-конуу тилкесинен ары-бери оодарыла баштаган. Андан соң учак сол капталга оодарылып, аркасы менен жерге урунуп кете жаздады.
Видеодо көрүнгөндөй, катуу шамал учкучту кайра учуп, айланып чыгууга аргасыз кылган. Видеонун автору учкучтун укмуштуудай чеберчилик көрсөткөнүн жана мындай жагымсыз аба ырайынын шарттарында ийгиликсиз конуу трагедияга айланып кетиши мүмкүн экенин билдирген.