Нарын облусунун Ат-Башы районунда бир нече мал уурулук фактысына шектелип 2 жаран кармалды. Алардын бири Талас облусунун, экинчиси Жалал-Абад облусунун тургундары дешет Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 35 жаштагы жергиликтүү тургун милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын 2-ноябрь күнү эртең менен саат 07:00 чамасында Уй-Өлөт участкасында жүргөн жылкысын таппай калганын билдирген.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын март айында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1968-жылы туулган С.А. аттуу тургуну жана Талас облусунун 1984-жылы туулган М.Ж. аттуу жашоочусу кармалышкан. Алар күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышкан. Мындан тышкары М.Ж`нын уурулук боюнча дагы 2 фактыга катыштыгы бар экени белгилүү болгон.
Шектүүлөргө Ат-Башы райондук соту тарабынан үй камагы түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар чакырууларга келбей, жашаган даректерин өзгөртүп качып жүрүшкөн. Тергөө судьясы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү бузгандыгы боюнча бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, издөө иштери башталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө С.А. 2021-жылдын 17-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынан кармалып, Ат-Башы райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган. Ал эми М.Ж. 2022-жылдын 22-январь күнү Бишкек шаарынан кармалып, азыркы учурда Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - дешет маалымат кызматынан.