Ысык-Көлдө 32 жаштагы тургундан 3 килограммга жакын баңгизат табылды

Ысык-Көлдө баңги затын мыйзамсыз даярдоого шектелген 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал баңги затын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектелүүдө.

"Шектүүдөн 2 килограмм 900 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар зат салынган баштык табышкан. Экспертиза алынган зат марихуана экенин тастыктады.

Алдын ала маалымат боюнча, ал аны сатуу үчүн даярдаган. Шектүү кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөтүлдү. Тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан