Милиция Жалал-Абадда опузалоо жолу менен акча талап кылган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБине 44 жаштагы Аксы районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 19-январдан тартып "Бопу" аттуу чала таанышы абакта отуруп алып, бейтааныш болгон 4 баланы үйүнө жиберип, өмүрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирген зомбулуктарды көрсөтөм деп коркутуп, 100 миң сом опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин "опузалап талап кылуу" негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын 1989-жылы туулган тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Л.А. жана Аксы районунун 1989-жылы туулган тургуну К.А. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы бүгүн, 3-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралмакчы.