Чүйдө уурулукка шектелип 4 жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБине 41 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 23-январь күнү мал сарайда жүн пресстеген станокту, жем кургатуучу темир жабдыгын, темир аштоону, темир чананы уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган. Зыяндын көлөмү аныкталууда.

Бул факты Жайыл РИИБинде Жазык кодексинин 205-беренеси "уурдоо" менен катталган. Кылмышка шектүү катары 44 жаштагы А.М., 36 жаштагы М.Б., 38 жаштагы А.У., 42 жаштагы И.А. аттуу жарандар кармалышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан