Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында Балыкчы ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда анын жумушуна эки чала тааныш бала келишкенин айткан. Ошондой эле эгерде милиция алардын каржы уюмунан акча каражаттарды конфискация кылса, кардарларыңарга кайра кайтарып бере албай каласыңар дегендиктен, кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду аларга берип, кайра кайтара албай калгандыгын билдирген.
"Аталган факты Балыкчы шаардык милициясына катталып, алдамчылык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды. Ал мурда соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.
1-февралда Жазык кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча айыбы угузулуп, соттун кароосуна жиберүү үчүн кылмыш иши шаардык прокуратурага жиберилди", - деп жазылат маалыматта.