Кыргыз өлкөсүндө жаш балдардын нерв оорулары күчөп жатат. Бул тууралуу дарыгер-невролог, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов маалымат жыйыны учурунда айтты.
"Ооба, өлкөдө жаш балдардын нерв оорулары күчөп жатканы чын. Буга бир нече себептер бар. Алсак, ошол эле ата-эненин балалуу болууга даяр эместиги, аз кандуулук, үй-бүлөнүн социалдык жактан жетишсиздиги жана бир нече факторлор себеп болууда", - деди ал.
Ошол эле учурда Бабажанов ата-энелер бардык жактан даяр болуп анан балалуу болушу керектигин айтты.