Келечекте министр болгусу келген курсант: "Кыз башы менен эмне бар" деп милиция болушума каршы болгон туугандарымдын ою азыр өзгөрдү"

Президент Садыр Жапаровдун стипендиясына татыган Ички иштер министрлигинин акамедиясынын 4-курсунун курсанты Кымбат Нуржанова менен маектештик. Ал чыдамкайлыгы, өжөрлүгү менен окууда дагы, спортто дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет.

- Саламатсыңбы, Кымбат? Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.

- Саламатчылык. Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында төрөлгөм. Үч бир туугандын улуусумун. Эки сиңдим бар. Беш жашымда атам каза болуп калганына байланыштуу апам жана сиңдилерим менен Каракол шаарына көчүп келгенбиз. Апам бизди жалгыз багып чоңойтту. 11-классты аяктаганга чейин Каракол шаарындагы №1 орто мектепте билим алдым. Андан соң ИИМдин алдындагы академияга тапшырдым.

- Бала кезде кайсы кесиптин ээси болууну самачусуз?

- Мен милиция болуудан башка кесипти элестетчү эмесмин. Аскерге барып, кызмат кылгым келет деген көп кыздарды угуп калам. Менде да ушундай кыял бар болчу. 7-класста окуп жүргөндө аталаш эжем академияга тапшырып окуп калды. Эжем окуяларын айтып берсе аябай таасирленгем. Ошондо академияга тапшырам деп чечим чыгаргам. 11-классты аяктагандан кийин академиянын бардык сынактарынан өттүм.

- Көбүнчө бул кесипти мырзалар тандайт эмеспи, сиздин каалооңузга каршы чыккандар болгон жокпу?

- Апам каршы болгон жок. Бирок туугандарым апама телефон чалышып, "кызыңа тапшырбай эле кой деп айтпайсыңбы" дешкен. Кыз башы менен эмне бар деген ойдо болушкан. Мен апамдан эмне кылышты сурадым. Элдин сөзүн уга турган болсом юридикалык билим алып, кайра эле милиция болуп иштей турганымды айттым. Апам менин чечимдеримди колдоду. Азыркы тапта туугандарымдын ою өзгөрүп, "тапшырганың жакшы болду" деп айтып калышат.

- Өзгөчө айылдарда милицияга болгон көз караш такыр башкача. Мисалы, "Кудай милицияга күн түшүрбөсүн" деп айтып калышат. Айрым жагдайда милициянын образы терс мааниде болуп калышы тууралуу эмне дээр элеңиз?

- Мисалы, сиздин башыңызга күн түшсө милицияга кайрыласыздар.

- Ооба.

- Көптөр жаман көрүшкөнү менен башына кыйынчылык түшкөндө милицияга чуркап барышат. Ортодо 5-10 жыл аралыгында, балким, бузулуп кеткендир. Ошондо элде стреотип пайда болсо керек. Мисалы, атаңыз сизге бала кезиңизден бери "милиция жаман" дей берсе, сизде ошондой ой калыптанып калат. Жамандагандык эмес, бирок кээде билбей туура эмес иш жасап алган учурлар болот. Айрым саткындардан улам ушундай пикир пайда болсо керек деп ойлойм.

- Мектепти аяктап, академияга келгенден кийин сизде кандай өзгөрүү болду?

- Мектепте окуп жүргөндө баарын апам камсыздачу. Өз алдынча жашоого өткөндө бир аз кыйналдым. Бирок үй-бүлөмдү сагынганым эле болбосо, калган жерден көп кыйналган жокмун. Анткени бала кезден өз алдынча болуп чоңойгом. Үйдүн улуусу катары сиңдилеримди багып, каралашчумун. Алдын ала мени эмнелер күтүп турганын билип келгендиктен кыйынчылыктар болгон жок. Мектепте ооруп калсаң сабакка барбай коёсуң, академияда устав менен жашайсың. Эркелегенге, кечиккенге болбойт. Катарга турарда мугалимдин жанынан өтүп бара жатканда да уруксат сурайбыз. Академиядан кийинки иштей турчу ишиңе жакшы даярдашат. Ар бир кылмышты кандай ачуу керектигин тыкыр түрдө окутушат.

- Маекке чакырган маалда убактым тар деп калдыңыз. Окуудан сырткары эмне менен алектенесиз?

- Спорттун таяк тартыш түрү менен машыгам. Мен мектепте окуп жүргөндө 1-класстан 11-класска чейин бийледим. Спортко жөн жерден келип калгам. Бир жолу мектептер арасында мелдеш өтүп, бир классташым мени ээрчитип барды. Барсам азыркы агайым Марат Раматов буга чейин бийлеп жүргөнүмдү көрчү. Ал мени көрүп таң калды. Анан таяк тартышып көрсөм окшошо баштады. Ошо жерден дароо 2-орунду ээледим. Ошондо ачуум келип 1-орунду алам деген максат болду. Кудайга шүгүр, өлкө чемпиондуктарына катышып жүрөм, Көчмөндөр оюнуна да катыштым. Эл аралык мелдештерде бир нече ирет жеңүүчү болдум. Жакында эле өлкөнүн атынан Финландияда өткөн мелдешке катышып 1-орунду багындырып келдим. Агайым Каракол шаарында жашайт. Мен каникул убагында жана турнирлердин алдында Караколго барып машыгам.

- Жакында эле президенттин стипендиясына татыдыңыз. Кандай сезимдерди туйдуңуз?

- Биздин окуу жайдан көп эле студент тапшырган. Бирок стипендия алууга экөөбүз гана татыдык. Менде эл алдына чыгып жүргөн адам катары сүрдөө сезими болгон жок. Президент менен учурушап, сыйлыкты алып келип отургандан кийин сезимдер пайда боло баштады. Өзүмдүн аты-жөнүмдү окугандан кийин чындап эле алдымбы деген сезим болду. Бирок уккан күнү абдан сүйүнгөм. Туугандарым жана досторум куттукташты.

- Достук демекчи, досторуңуздун көбү айымдарбы же мырзаларбы?

- Айылда жүргөндө балдар менен чүкө ойноп, көчө аралап кетчүмүн. Кыздар куурчак ойносо, мен машина ойночумун. Мектепте жүргөндө эркек досторум көп болчу. Ал эми академияда да 90 пайыз эркек балдар окушат. Кыз досторум да бар, бирок эркек балдар менен дос болуу мага жеңилирээк.

- Милиция дегенде күчтүү адамдарды элестетебиз. А бирок сиздин жан дүйнөңүз кандай? Сериал көргөн маалда көзүңүзгө жаш аласызбы?

- Аябай таасирдүү тасма көрсөм мен деле көзүмө жаш алам. Окуучу кезде жан дүйнөм назик болсо керек. 4 жыл билим алгандан кийин кадимкидей өзгөрдүм. Мурун кишинин көңүлүн карасам, азыр тарс-тарс жүрүп, бетке айтып калдым. Бул мен үчүн жакшы сапат болсо керек.

- Жакында эле аялдардан чыккан биринчи министр болом дегениңизди угуп калдым. Бул тууралуу айта кетсеңиз.

- Бул бала кезден берки кыялым. Ооздон чыккан сөз менен ой материалдашат. Эмнеге министр боло албайм? Кыргыздан Курманжан Датка, Роза Отунбаева, Уркуя Салиева деген кыраан аялдар чыккан. Мен министр болсом жакшы иш алып бара алышыма көзүм жетет.

- Ашканада кандайсыз? Мыкты даамдарды жасасаңыз керек.

- Тамакты жакшы жасайм. Бүгүнкүгө чейин мен жасаган тамактан эч ким уулана элек (күлүп).

- Аскердик тартипте жашайбыз деп калдыңыз. Академия сезимдерге тоскоолдук кылбайбы?

- Академияда сүйүүгө чектөө коюшпайт. Бул тууралуу айтпай эле коёюн, анткени группалаштарым окушат (күлүп).

- Милиция болгум келет деген бөбөктөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

- Албетте, бул каалоодон көз каранды. Эч качан формага кызыгып келбеш керек. Анткени формага кызыгып келгендер толтура. Мен ушул жолду тандасам мени кандай жашоо күтөрүн билип келгем. Жаштарга кеңешим, бирөө сунуштаган эмес, жүрөгүнө жаккан кесипти тандашсын. Ата-энелер да 100 пайыз баланын жашоосуна аралашканы болбойт.

- Сиз кыялкечсизби?

- Жакында эле социалдык тармактан бир кыргыз кыздын АКШда кызмат өтөп жатканын көрдүм. Мындан улам менде дагы чет өлкөгө чыгып кызмат кылып келүү кыялдары пайда болду. Кийинчерээк алмашуу программалары менен барып калам деп кыялданам. Бирок азыр эмес, анткени азырынча өлкөгө кызмат кылам. Негизи мен дагы башка жаштар сыяктуу эле өлкөдөн кетким келет. Бирок өлкөнүн келечеги биздин колубузда болгондуктан бул жакта калып өнүктүрүшүбүз керек го деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Кыялдарыңыз менен пландарыңыз ишке ашсын.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Haanykeim
2022-02-03 23:24:40
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан