Эттин арасына баңгизат катып абакка киргизүүгө аракет кылган адам кармалды

Чүйдө абакка баңгизат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-февралда Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз берүү аракети алдын алынган. Анда 1987-жылы төрөлгөн Д.Э.М аттуу адам 1982-жылы туулган К.Н.А. аттуу соттолуучуга эт азыктарын алып келген. Аны текшерүү учурунда эттин арасына кылдаттык менен катылган жалпы салмагы 77 граммды түзгөн баңги заты табылган.

Окуя боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган адам Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Жазаларды аткаруу кызматы жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга тыюу салынган буюмдарды берүү же берүүгө аракет кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан