"Адам өлтүрүү", "карактоо"... Ошто жаза өтөө жайынан качып, издөөдө жүргөн Талантбек Чолпонбаев кармалды

Ошто каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал мурда адам өлтүрүү жана баӊги заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн дагы соттолгон дешет Ош ШИИБинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, издөөдө жүргөн Талантбек Чолпонбаев Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашынып жаткан жеринен кармалды.
"Чолпонбаев 1993-жылы туулган К.Н. жана 1996-жылы туулган С. уулу Б. аттуу шериктери менен алдын ала макулдашып, бирөөнү карактап, мүлкүн ээлеп алууга аракет кылышкан. Алар Ош шаарында жашаган 1984-жылы туулган М.А. аттуу аялды үйүнө кирип бара жатканда аркасынан кирип, колун, оозун скотч менен байлап, сумкасындагы 5000 доллар акчасын тартып алышкан. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү К.Н. жана С.уулу Б. изи сууй электе кармалышып, негизги уюштуруучусу издөөдө болгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Талантбек Чолпонбаев мурдагы жасаган кылмышы үчүн жазасын толук өтөбөй, Ош шаарында жайгашкан жаза аткаруу мекемесинен дагы качып жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү 2022-жылдын 2-февраль күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдө жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Талантбек Чолпонбаев мурда бир нече жолу соттолгон. Алардын арасында "адам өлтүрүү" жана "баңги заттарды мыйзамсыз сактоо, ташуу" беренелери менен дагы сот жообуна тартылган. Криминалдык идеологиянын жактоочусу, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде көп жылдан бери турат", - дешет маалымат кызматынан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы сүрөттөгү жарандан жабыр тарткандар болсо 03222-4-82-82 номери аркылуу байланышып коюуну суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан