Жети-Өгүз районунун тургуну Айбек Абаков учурда кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Анын денесинин 70 пайызы күйүп, учурда Москванын Склифосовский атындагы Тез жардам институтунун күйүк бөлүмүндө жатканын жубайы Гүлзат Алыбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Алыбаеванын айтымында, күтүлбөгөн кырсык 2021-жылдын 28-декабрында болгон.
"Жолдошум эл катары Москвада иштеп жүргөн. Жашаган жеринен өрт чыгып, денесинин 70 пайызынан күйүк алды. Биринчи операциясы болуп өттү. Мындан сырткары дагы 2 операция жасалышы керек. Тагыраагы, сол колунун манжаларын алып салыш керек экен. Операцияларына 700 миңден ашык рубль каражаты керек болуп жатат", - деди жубайы.
Айтымында, Айбек Абаковдун абалы оор.
"Учурда жолдошумдун жанындамын. Абалы оор. Өз алдынча төшөктөн тура албайт, такыр кыймыл жок, тамак жей албайт.
Ал эми өзүм иштебейм, экинчи топтогу майыпмын. Экөөбүздүн 3 балабыз бар. Батирде жашайбыз. Урматтуу кыргыз элим, сиздерден жардам сураганга муктажбыз. Колуңуздардан келишинче, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жардам бериңиздер!", - дейт Гүлзат Алыбаева.
Реквизиттер:
Элкарт: 9417019213226457 - Гүлзат Алыбаева;
Элсом: 996703343397 - Аделина Абакова (кызы);
Сбербанк: 4817760334874405 - Гүлзат Алыбаева;
Айбек Абаковдун жубайы Гүлзат Алыбаеванын байланыш номери: +79015656697.