Тажикстандын башкы прокурору кыргыз чек арачыларына жана айрым жарандарына кылмыш иши козголгонун айтты

Тажикстан кыргыз чек арачыларына жана айрым Кыргыз жарандарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмонго шилтеме берүү менен бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2-февралда аталган өлкөнүн башкы прокурору маалымат жыйын өткөрдү.

"Кыргыз өлкөсүнүн чек арачыларына жана айрым жарандарына айрым кылмыштар боюнча айып тагылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деген Юсуф Рахмон.

Бирок ал кылмыш иши боюнча канча адам, кандай беренелер боюнча айыпталып жатканын тактаган эмес. Бул кылмыш иштери январдын аягында чыккан чек ара чатагына тиешелүү экени белгилүү. Ошондой эле ал 2021-жылдын апрелиндеги чек ара жаңжалынан улам козголгон кылмыш иштери дагы бар экенин айтты. Андан тышкары чек ара чатагы боюнча өткөн жылдын апрель айында да иш козголуп, айрымдары аныкталып кармалса, айрымдары изделип жатканын, табылса сөзсүз түрдө жоопко тартыларын белгилеген.

Эске салсак, 27-январда Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкеси Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атуучу куралдардан ок чыгарышкан. Анын кесепетинен Баткендин тургундары 2 миллион 912 миң сом зыян тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Jan-tumarym2017
2022-02-03 21:47:43
Осурган кыз, осурбаган кыздын бетин аймайт...
+7
Zynk
2022-02-03 21:57:23
Ушу тажиктерге бир апаат келгени турат!
+6
Birimdik5555
2022-02-03 21:59:25
Эмнеге булар кылмыш ишин козгойт дагы биздикилер унчугушпайт, 2 миллион 912мин сомду талап кылгыла силер да
+6
nazarKGZ
2022-02-03 22:18:13
Биздин чондор отто эле бош
+3
Gulina00
2022-02-03 22:53:39
Тажиктер рахмонду кптирбейсинерби,телефондон озоргонсуп истефо дебей,бул адам эмес мал.
+3
CAPATAH
2022-02-03 23:12:15
Неге мынча тайрандатышат бул иттерди биздин бийлик? Бербейби татыктуу жообун?
+3
Fernando_Torres
2022-02-04 04:58:09
CAPATAH,өткөндө кол салганда биздин аскерлер приказ күтпөй эле жестько ответ берген үчүн көчүгү күйүп кек сактап анан ушул кадамга барып жатат үч адам өлүп 20 сы жарадар болгон буларда булар мусульмандык парызды аткарбаса чоң нерсе болгону калды кой ай тууган десе көнбөгөндор жер жутуп кетпесин жер талашып атып уяалбаган адамдан өзүн уяал дегендейле кылып атат
0
JaneEr
2022-02-04 00:02:29
Азия плюс деп инстаграмда табалап калвшыптыр комментарийлерде кыргыздарды тажиктер мазактап,барандар деп жазып атышат.Баштары жок деп...Бут кыргыздарды жаман корсотуп жаткан макалалар аларда.Ошондо жертва ким?Эки бийликтин карапайым эле эли...
+1
Azat-123
2022-02-04 00:44:53
JaneEr,ал коментти жазгандардын көбү окендин шпиондору, эки элдин ортосуна чок таштагысы келип өлүп атышат
-1
Tyttty1990
2022-02-04 00:48:20
Издеваются над нами. Таджикистан хочет воевать. Отобрать наш Баткен
0
azamat85
2022-02-04 16:04:48
Tyttty1990, Этого никогда не будет, надо будет мы завоюем ворух. таджики еще не знаю кто такие Кыргызы. мы Кыргызы терпеливый народ пока терпим но это недолго
0
al-abu-kinesz
2022-02-04 17:12:14
azamat85, терпение-это хорошо, но жизнь слишком коротка чтоб долго терпеть..
0
Fernando_Torres
2022-02-04 05:01:09
Өткөн жылы 27 апрелде биздин жөнөкөй элибизди жана аскерлерди аткан үчүн силердин бир эмес 100 дөгөн адамдарынан жооп берет камалсын
+1
aitiev1210
2022-02-04 09:18:55
Биздин тиешелуу кызмат адамдары, оздоруно жараша жооп берип коюшса керек, беришпесе маалыматтык согуштан утулуп калбайлы
+1
AiTal
2022-02-04 19:51:51
Бул тээжиктердин колунан жакшылык келбейт. Чек араны жаап, булар менен мамиле кылбоо керек, колдон келсе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан