Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки күндөн бери митинг өтүүдө

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эки күндөн бери митинг өтүүдө. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Жаңы-Өзөн шаарынын жүздөн ашык жашоочусу акимчиликтин алдына чогулуп, жумуш берүүнү талап кылышууда. Алар бул жерде эки суткадан бери турушат жана президент Токаевге кайрылуу жолдошту. Анда жергиликтүү бийликке ынанбай турушканын, 2020-жылы түзүлгөн ишке орноштуруу тизме-схемасы адилетсиз ишке ашып жатканын айтышууда. Алар жумушсуздарды мунай газ тармагындагы келечектүү жана туруктуу жумушка орноштурууну талап кылышууда.

Жаңы-Өзөн акимчилиги нааразы топтун талабына комментарий берген эмес. Мангистау облусунун акимчилиги жашоочулар иш менен камсыздоо борбору сунуштаган жумуштарга макул болбой, баары мунай газ тармагында гана иштөөнү талап кылып жатышканын кабарлады. "Түшүндүрүү иштери уланат" деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан