Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-февралда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 89-чакырымында болгон. Анда Volkswagen Golf III унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, бирок алар жеткенге чейин жабыркагандарды “Тез жардам” кызматы Тоң райондук ооруканага алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан