Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери январь айында издөөгө алынган 1983-жылы туулган Д.А. аттуу адамды кармашты. Ал мурда С.В. деген ат менен ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Буга чейин ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган.
"Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, ал үй камагында жүргөнү менен соттун чакырууларына барбай койгон. Ушуга байланыштуу соттук отурум үч жолу башка күндөргө жылдырылган. 2021-жылдын декабрында сот тарабынан үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлгөн. Жакында соттун токтомуна ылайык, издөөдө жүргөн 1983-жылы туулган Д.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.