Чүйдүн Арашан айылында сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кыздын чоң атасы бул өкүнүчтүү кабарды уккандан кийин асынып алган. Үч күн мурун анын сөөгү жерге берилген.
Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, маалыматты ырасташты.
"1958-жылы туулган О.Н. аттуу жаран сарайында асынган абалда туугандары тарабынан табылган. Ал болуп өткөн окуяларга тиешеси жок экендигин жана ал боюнча кечирим сурап, кат жазып таштаганы маалым болгон. Ал буга чейин Арашан айылындагы сексуалдык аракеттерге кабылган кыздын чоң атасы экендиги такталган. Учурда бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти.
Эскерте кетсек, милицияга 19-январда 11 жашар кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Анда Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп шектелип 35 жаштагы агасы кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган.