Сузакта үйдүн чатыры жана 200 түк чөп өрттөндү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда турак үйдүн чатыры жана 200 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарчасында турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:38де түшкөн. Өртү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, айтылган дарекке 17:45те жетишкен.

Жыгач устундуу шифер менен жабылган 97 чарчы метр аянттагы турак үйдүн чатыры күйгөн. Ошондой эле кошунасы А.К.га тиешелүү мал сарайдын үстүндө жыйылган 200 түк чөп да күйүп кеткен. Өрт бир саат аралыгында толугу менен өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.

Бактыга жараша, өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан