Чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 3-февралда К.К. жана М.А. аттуу жарандар өлкө аймагынан Казакстан менен чектешкен Кара-Буура районундагы Аманбаев тилкесиндеги чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Кармалгандардын бири К.К. мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды. Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 килограммга жакын 3 даана өзгөчө жыты бар, кочкул жашыл түстөгү зат салынган баштык табылган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.