Чүйдө суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды

Чүйдө суу бөлүштүрүүчү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-январдан бери Беловодское жана Ак-Суу айылдарынын аймагындагы каналдардын суу бөлүштүрүүчү темир тосмолору уурдалганы тууралуу 8 факты катталган.

Бул Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Анын алкагында шектүү катары 1999-жылы туулган К.С., 2001-жылы туулган К.Д. жана 1999-жылы туулган С.А. аттуу адамдар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан