Сүймөнкул Чокморовдун өмүрүн баяндаган көркөм тасма тартылат

Сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовдун өмүр жолун баяндаган көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу Кыргыз театр ишмерлер союзунун президенти, жазуучу, драматург Жаныш Кулмамбетов SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен кыргыздын чагаан инсандары тууралуу көп чыгармаларды жаратып келем. Сүймөнкул Чокморов тууралуу тасма тартууну көптөн бери пландап, сценарийин да жазып койгом. Тартуу иштери пандемиядан улам токтоп калган. Залкар сүрөтчү, актёрдун баскан жолун баяндаган кинону тартуу иштери жакын арада башталат. Бирок азырынча каражат жагы чечиле элек. Эгер мамлекет кызыкдар болсо, мамлекеттик деңгээлде тартылат. Болбосо жеке иштөөгө туура келет", - деди ал.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 жолу алган жалгыз актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.

Замандаштарынын айтымында, Сүймөнкул Чокморовдун мүнөзү токтоо, боорукер, антка бекем, айкөл, кыргыздын каада-салтын бекем сактаган адам болгон. Ошондой эле актёр мыкты ырдап, комузда жана домбрада кол ойното билген.

Сүймөнкул Чокморов - көркөм сүрөт жана графика жанрындагы 800гө жакын чыгарманын автору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан