Ысык-Көл облусунун Орто-Өрүктү айылында 9-класста окуган 3 бала 8-класстын окуучусун сабады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
"2-февралда Орто-Өрүктү айылында 9-класстын үч окуучусу жана 8-класстын бир окуучусунун ортосунда пикир келишпестик чыккан. Үчөө бир окуучунун денесине жаракат келтирген. 3-февралда 8-класста окуган баланын апасы Ананьево аймактык милициясына арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, мектепте жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор тарабынан окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кол салгандардын аты-жөнү такталууда", - деди ал.