Бишкек шаарында “Тез жардам” унаасы менен жол тандабас сүзүшүп, бир нече адам жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 08:30 чамасында Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 32 жаштагы К.Н. аттуу кыз башкарып бара жаткан Toyota Land Cruiser унаасы менен “Тез жардам” кызматынын унаасы сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Тез жардам” унаасынын бир жүргүнчүсү, айдоочусу жана экинчи унаанын айдоочусу жеңил жаракаттарды алган.
Учурда эки унаа тең айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталууда.