Бишкекте уурулукка шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-декабрында Т.А. аттуу жаран Биринчи Май РИИБине Жибек Жолу көчөсүнөн кебетеси азиялык болгон 25-30 жаштардагы белгисиз адамдар Редми 9 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алышканын айтып кайрылган.
Мындан тышкары ошол эле күнү 1996-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран Redmi 5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун 1996-жылы туулган адам ээлеп алганын билдирген.
Аталган фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "каракчылык" менен катталган.
Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Ж. жана 1994-жылы туулган Р.Э. кармалды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.