Таласта күйөөсүн кызганычтан улам балталаган келинге сот өкүмү чыкты

Таласта күйөөсүн кызганычтан улам балталаган келинге сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук соттон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалган 27 жаштагы Х.М. аттуу келин Талас облустук сотунун чечими менен 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Окуянын чоо-жайы:

2021-жылдын 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургунунун жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган. Манас РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүнөн 1994-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Дене учтуу нерсе менен кесилип, анда урулган жаракат белгилери болгон.

Келин өзүнүн көрсөтмөсүндө күйөөсү менен кызганычтан улам уруша кетишкенин, күйөөсү ага акаарат сөздөрдү айтып диванда телефон көрүп жаткан учурда аны балта менен башка чапканын айткан. Алган жарааттан улам күйөөсү жаткан жеринен каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан