Биз социалдык тармакта

Жүргүнчүнү ээн жакка алып барып муунткан. Чүйдө тоноого шектелип таксист кармалды

Чүйдө такси кызматын көрсөткөн жаран тоноого шектелип кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-февралда Аламүдүн РИИБине 36 жаштагы С.А. арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран ага карата күч колдонуп, эс-учун жоготкон маалда 9600 сом акчасын жана уюлдук телефонун алып качып кеткенин айткан.

"Бул окуядан кийин жабырлануучу 24 миң сом зыянга учураганы такталды. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 206-берене (тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган А.А. шектүү катары колго түшүрүлдү. Ал мурда сот жообуна тартылган. Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү таксист болуп иштеп, буюртмаларды алып жүргөн. 3-февралда Бишкектеги көчөлөрдүн биринен С.А. аттуу жаранды жүргүнчү катары унаасына отургузуп, Маевка айылындагы ээн жакка алып барган. Ал жактан таксист жүргүнчүгө кол салып, муунткан. Жабырлануучу эс-учун жоготкондо акчасын жана телефонун алып качып кеткен", - дешет маалымат кызматынан.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2022-02-04 22:00:01
Ой мээси жок келесоо. Тынч эле иштесен анча акчаны 10 кундо тапмаксын..
+1
XATSAN125
2022-02-04 22:54:20
Конул жибитеерлик жанылык окубайт экенбиз да олду тоноду урду зордуктап кетти оозго берди тиги бу тр пр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан