"Манас" кинотеатрында бүгүн, 21-ноябрда, “Миллиондук мелдеш” аталган жаӊы тасманын бет ачар аземине келген көрүүчүлөр чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Көрүүчүлөр убакытты текке кетирбей кинотеатрдын ичинде атайы даярдалган фотобаянды көрүшүүдө. Ал фотобаянда “Миллиондук мелдеш” тасмасын тартуу маалындагы кызыктуу учурлар чагылдырылган.
Көрүүчүлөрдүн арасында Дайыр Исмадияров, Азамат Байматов өӊдүү бир катар белгилүү инсандар бар.