Бүгүн, 4-февралда Кытайдын Пекин шаарында "Пекин улуттук стадионунда" XXIV кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө ачылып, катышуучулар параддан өтүштү. Иш-чаранын ачылыш аземи ар кандай шоулор менен коштолду.
Салтанаттын коюучусу - кытайдын белгилүү актёр, режиссёру Чжан Имоу. Ал мындан 14 жыл мурдагы Олимп оюндарынын ачылыш аземин даярдаган.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарына 95 мамлекеттен 4 миңден ашуун спортчу катышат.