"Коронавирустан каза болду деп жерге беришкен". Ысык-Көлдө 61 жаштагы кишинин өлүмүнө жээни шектелүүдө

Социалдык тармактарда адам өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга Ысык-Көлдүн милициясы чара көрбөй жаткандыгы боюнча маалымат тарады. Аталган маалыматты Ысык-Көл ОИИБи четке кагып, чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүрүп, анда Темировка айылынын 61 жаштагы тургуну киши колдуу болуп, бирок анын өлүмү жашырылып, жерге берилгени аныкталган.

Күбө катары суралган Темировка айылынын 51 жаштагы тургунунун айтымында, 20-январдан 21-январга караган түнү 30 жаштагы баласы Д.М. менен 61 жаштагы бир тууганы Ж.А`нын ортосунда уруш чыгып кеткендигин, эртеси агасынын жансыз денеси алардын үйүндө табылганын билдирген.

"Ошондой эле бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына билдирбей, тескерисинче элге агасы коронавирус инфекциясынан каза болгонун айтышып, жерге беришкенин кошумчалаган.

1-февраль күнү Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде 130-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

2-февралда райондук соттун токтомунун негизинде эксгумация жүргүзүлүп, комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Д.М. кармалып, райондук прокуратуранын тергөөсүнө өткөрүлдү. Учурда кылмыш иши Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан тергөөлүдө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-02-04 20:57:39
Авария болгондорду деле к19 болгон деп комур аттынарго.Шылтоо машине жол ичиндеги куландан соо адамдар дагы к19 экен деп ырдап ааламга жар салдынар эле доблесный саламаттыктты сактоо министрлиги эмне ээми озунорго келдинерби же ээми запойдон чыктынарбы
+2
XATSAN125
2022-02-04 20:58:57
Былтыр олуш не удобно болуп калды эле озу дагы жон эле журогун кармап олсон да кокуй к19 деп ырдап жети атасынан бери айтып чыктынар эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан