Бир күн мурда Чүй облусундагы Сокулук аймактык ооруканасына 2 жашар бала оор абалда түшкөн. Анын сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкан.
Маалым болгондой, баланы уруп-сабоого шектүү жаран бүгүн, 4-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Шектүү катары Сокулук районунун 1987-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалды. Алдын ала маалыматка ылайык, сабалган баланын ата-энеси шектүүнүн кол алдында мал карап иштеп жүрүшкөн. Жаш үй-бүлө буга чейин иш берүүчүгө карыз болуп калышкан. Ал эми баланын апасынын көрсөтмөсүнө ылайык, наристенин денесиндеги жаракаттар чогуу жашаган жашоочусу тарабынан келтирген. Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.