Ош шаарынын Төлөйкан кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн балконунда калып калган улгайган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Төлөйкан кичи районунда жайгашкан батирдин жашоочусу балкондун эшиги бекилип калгандыктан, үйдүн ички бөлмөсүнө кире албай калган.
Дарек боюнча Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар эшиктин ачкыч салына турган көзөнөгүн талкалабастан, терезе аркылуу балкондун бекилип калган эшигин ачып, 64 жаштагы үй ээсин бөлмөгө чыгарышты", - деп билдиришти ӨКМдан.
Үй ээси жабыр тарткан эмес жана абалы жакшы.