Марк Цукерберг бир күндө 29 миллиард долларын жоготту

Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы Meta акцияларынын азайышынан улам бир күндө 29 миллиард долларга кыскарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, негизинен акциянын азайышынан Цукербергдин байлыгы 85 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Цукерберг Facebook социалдык тармагына ээлик кылган америкалык Meta холдингинин 12,8 пайызга жакын акциясына ээ.

Сутка ичинде 29 миллиард долларын жоготкондон кийин Цукерберг дүйнөдөгү миллиардерлер тизмесинде индиялык бизнесмендер Мукеш Амбани жана Гаутам Аданиден кийин он экинчи орунга түшүп калды.

Цукербергдин байлыгынын бир күндүк төмөндөшү тарыхтагы эң чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Буга чейин Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск 2021-жылдын ноябрь айында бир күндө 50 миллиард долларын жоготкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuuman
2022-02-05 11:31:04
Байлар алар "канчанчы тизмеде экенмин" деп баш оорутпайт. Анан калса акциянын төмөндөгү бул чөнтөктөгү же эсептеги акча орду түбү менен жоголуп кетти деген эмес. Алар кайра абал турукташканда компания баасы кайра ордуна келет. Ошондо 29 млрд$ кандай жоготсо ошондой таап алат деген сөз.
+1
Asmat84
2022-02-05 11:47:19
29млрд пай пай пай эмне деген акчалар ээ
+2
talas0707
2022-02-05 12:11:25
Биздин бюжет 4 млрд долларбы? Бир олкону жон эле багып койо турган акчада.
+3
assanov97
2022-02-05 14:26:02
talas0707,0.5 млрд
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан