Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 4-февраль күнү милициянын улук лейтенанты Т.Б.Т. жарандан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн опузалап акча талап кылган.
"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча каттоого алынган. Тергөөчү кармалып, убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.