"Пекин-2022": Япониялык спортчу катуу жаракат алды

Япониялык сноубордчу Рина Йошика Пекинде Олимпиада алдындагы машыгуу учурунда жыгылып, оор жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчу секирүүлөрдүн биринен жыгылып, кыймылсыз жатып калган. Дарыгерлер ага жардамга барышып, аны тургузууга аракет кылышканда Йошика катуу кыйкырган. 22 жаштагы спортчуну замбилге жаткыруу үчүн 20 мүнөттөй убакыт кеткен.

Йошика кышкы Олимпиада оюндарында слоупстайл боюнча мелдешке катышышы керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eden-Hazard
2022-02-05 17:12:16
Сакайып кет братан
+2
oma16.02.95
2022-02-05 17:37:03
Eden-Hazard,бул братанын эмес 22 жаштагы сноубордчу карындаш
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан