Мароккодо төрт күндөн бери кудукка түшүп кеткен баланы куткара албай жатышат (видео)

Марокконун түндүгүндөгү Чефчауен провинциясында куткаруучулар төрт күн мурун терең кудукка түшүп кеткен балага жетүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Райян аттуу беш жаштагы бала бир нече күн мурун тереңдиги 32 метрдей болгон кудукка түшүп кеткен. Окуя айыл жеринде болгон. Баланы куткаруу операциясы ушул күндөрү уланып жатат. Операциянын жүрүшү рельефтин аскалуулугу менен татаалдашып, куткаруучулар топурак кулап кетпеши үчүн кылдаттык менен иш алып барууга аргасыз болушууда.

Эми куткаруучулар баланы куткарыш үчүн кол менен жерди казуу иштерин баштайт. Алардын ишине аскада пайда болгон жарака тоскоол болууда.

Кудукка түшүп кеткен бала тирүү, бирок башынан жаракат алган. Ага сууну жана тамак-ашты аркан менен жеткиришүүдө.

Мароккодо төрт күндөн бери кудукка түшүп кеткен баланы куткара албай жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos77777
2022-02-05 16:45:57
Жаратуучу Озу жар болсун! Эсен аман куткарып калышсын.
+13
Umar7
2022-02-05 17:26:58
Куткарылганда да, жакшы кабар менен жаңылыка чыгаргыла.
+10
Gulina00
2022-02-05 19:11:29
Кудайымдын кудуретин ошончо бийиктен тушуп тируу калгандын озу керемет.
+11
Mister-XXX
2022-02-08 02:50:30
Байкуш бала каза болуп калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан