Тагдырына дүйнө эли кабатыр болгон Мароккодо кудукка түшүп кеткен бала каза болуп калды

Кечээ, 5-февраль күнү кечинде Марокконун түндүгүндө беш жашар Райянды терең кудуктан чыгаруу операциясы аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар баланы кудуктан алып чыгууга жетишкен. Аны "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Бирок кийинчерээк бала каза болгону белгилүү болгон.

Жекшембиге караган түнү Марокко падышасы Мохаммед VI'нын басма сөз кызматы Райян каза болгонун жарыялады.

"Улуу даражалуу Король Мохаммед VI кудукка түшүп кетип каза болгон баланын ата-энесине телефон чалып, аларга көңүл айтты", - деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Мохаммед VI Райянды сактап калуу үчүн падышалыктын бардык тиешелүү органдарына жарлыктарды чыгарганын айтып, куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирген.

Райян аттуу беш жашар бала 5 күн мурун тереңдиги 32 метр, туурасы 45 сантиметрдей кургак кудукка түшүп кеткен. Операциянын жүрүшү рельефтин аскалуулугу менен татаалдашып, куткаруучулар топурак кулап кетпеши үчүн кылдаттык менен иш алып барышкан.

Райянды куткаруу операциясына бүткүл дүйнө көз салып турду. Бул кырсык дүйнөлүк медианын көңүлүн буруп, араб дүйнөсүн бириктирди. Окуя болгон жерге көп эл келип, куткаруучуларга жардам берип, бала үчүн дуба кылышты.

Мароккодо төрт күндөн бери кудукка түшүп кеткен баланы куткара албай жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaynak
2022-02-06 09:41:16
Ото окунучтуу
+12
orun
2022-02-06 11:54:13
Аябай өкүнүчтүү. Аллахтын тагдыры экен, ата энесине сабыр тилеймин. Байкуш периштедей бала, иңшаллах чын дүйнөдө ата энесин бейишке жетелеп кирет буюрса.
+7
nazira...
2022-02-06 11:55:03
Кап алып чыгып тирүү калса керек дедим эле, кеч болуп калыптыр да.
+6
munduz2016
2022-02-06 16:36:42
Аллах сабыр берсин жакындарына,жаман иш болуптур.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан