Сокулукта сойкукана иштетип жатат деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды (видео)

Сокулук районунда сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеп жүрөт деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"4-февралдан 5-февралга караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында, атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору жана сойкулук менен алектенген 6 кыз аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Саунанын администратору 43 жаштагы С.А. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда. Ошондой эле Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан ушул сыяктуу жайларды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатат.

Сокулукта сойкукана иштетип жатат деген шек менен 43 жаштагы аял кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-02-06 14:42:34
Шектуу эмес эле иштетип жаткан жеринен кармадык деп жазгыла коркпой эле
0
Datka7777
2022-02-06 16:07:45
XATSAN125,соттун чечими чыкканча макама шектуу болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан