Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта II такка отурганынын 70 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү ханыша Елизаветта II өзүнүн резиденциясында, Сандрингем-хауста жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү жана ыктыярдуу топтор үчүн кабыл алуу уюштурду.
"Салтанатта чогулган коноктор менен ал жергиликтүү тургундар тарабынан атайын даярдалган платина юбилейинин эмблемасы түшүрүлгөн тортту кести. Ошондой эле Елизаветта II гүлдесте алды, анын ичине ханышанын тажия букетине кирген гүлдөр, мисалы ландыш гүлдөрү кошулган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Улуу Британиянын Королдук почтасы Елизаветта II'ге арналган маркалардын сериясын, ал эми Королдук тыйын сарайы - эстелик тыйындарды чыгарган.
Белгилей кетсек, Ханыша Елизавета II 1952-жылы 6-февралда атасы король Георг VI каза болгон күнү ханыша болгон. 2022-жылы 96 жашка толгон ал платина мааракесин белгилеген биринчи британ монархы болуп калды.