"Президенттин кичүү карындашын иним алган". Өздөрүн президенттин жакындары катары тааныштырган алдамчылар кармалды

Өздөрүн өлкө башчы Жапаров Садыр Нуркожоевичтин жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары катары көрсөткөн адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ал адамдар Мамлекеттик бажы кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарын коркутуп, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышкан жеке жактарды, анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоочуларды көзөмөлгө алышканы тастыкталган.

"Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын алкагында бизнес чөйрөсүндөгү субъектилерди көзөмөлдөө жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын коркутуу фактылары документтештирилди. Мындан тышкары бажы жана салык мыйзамдарын бузуу менен товарларды өлкөгө алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.

2022-жылдын 4-февралында өздөрүн президент жана УКМК төрагасыны менен байланышы бар катары тааныштырган адамдар товарларды ташып келүүнү кайра жандандыруу максатында УКМК кызматкерине пара сунуштап, 1600 доллар өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Т.М. аттуу жаран тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Ошону менен бирге УКМК жарандарды кыраакы болууга, өзүн ар кандай кызмат адамы катары көрсөтүп, тигил же бул маселени чечүү үчүн акча талап кылган шылуундардын аракеттерине алданбоого чакырат.

"Абийирсиз адамдардын алдамчылык аракеттерине туш болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Президенттин жана УКМК башчысынын атын жамынган алдамчылар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан