Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин директору болуп Дооронбеков Марат Дооронбекович дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дооронбеков Марат Дооронбекович 1971-жылы туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых адистигин аяктаган. Ал буга чейин мугалим, мектеп директору жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2008-2010-жылдары Бакай-Ата райондук кеңешинин депутаты болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган комплекстин директору Ормошбек Чоюнбаев болгон. Ал өткөн жылдын декабрь айында кызматынан алынган.