Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алды. Мындай маалымат өлкө башчынын Твиттер баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайынан омикрон штаммы аныкталган. Учурда Эрдогандын саламаттыгы туруктуу экени кабарланды.
"COVID-19 вирусунун алгачкы белгилери байкалган соң биз жубайым экөөбүз тест тапшырдык. Жыйынтыгы оң чыкты. Жумушубузду үйдөн улантабыз. Ар бириңиздердин дубаңыздарды чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазган ал.