Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II кийинки боло турган ханышанын атын атады

Ханыша Елизавета II кийинки ханышанын атын расмий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ханышанын уулу ханзаада Чарльз тактыга отургандан кийин анын жубайы Камилла ханыша болот. Бул туурасында Букингем сарайынын британ тактысында отурган монархтын 70 жылдыгына арналган юбилейинде айтылат.

"Елизавета II жарандар келечектеги ханышага Елизаветанын өзүнө көрсөтүлүп жаткан колдоону көрсөтөт деген ишенимин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Принц Чарльз - Елизавета II'нин тун уулу, кечелектеги британ тактысынын мураскору. Мындан тышкары да ханышанын эки эркек, бир кызы бар, Эдвард, Эндрю жана Анна. Ал эми британ тактысынын экинчи сабында Чарльздын уулу ханзаада Уильям турат.

Белгилей кетсек, ханыша Елизавета II бүгүн такка отурганынын 70 жылдык мааракесин белгилөөдө. Ал 2022-жылы 96 жашка толгон платина мааракесин белгилеген биринчи британ монархы болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан