"Пекин-2022": Орусиянын атынан биринчи алтын байгени уткан спортчу сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырды (видео)

Пекин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында Орусиянын атынан биринчи алтын байгени уткан лыжачы Александр Большунов сыйлык тапшыруу аземинде сүйүнгөнүнөн спортчулар чыга турган пьедесталды сындырып алды.

Бүгүн, 6-февралда ал скиатлон боюнча 30 чакырым аралыкта жеңишке жетти. Большунов экинчи болуп келген жердеши Денис Спицовдон 1 мүнөт 11 секунд убакыт эрте маарага жеткен. Үчүнчү орунду финляндиялык Ийво Нисканен ээледи.

25 жаштагы Большунов үчүн бул карьерасындагы биринчи Олимпиадалык алтын болду. 2018-жылкы Олимпиадада Большунов үч күмүш жана бир коло байге уткан.

Александр Большунов сүйүнгөнүнөн пьедесталды сындырып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakubek
2022-02-06 16:57:36
Сынбаптыр го
-2
max-bek
2022-02-06 17:12:48
Китайский да
+9
nazira...
2022-02-06 18:54:41
max-bek,чын эле э, ошол жерде да билинип калыптыр эптеп жабыштырып койгону. Дагы бир секиргенде экиге бөлүнүп калат эле.
+3
Dembele84
2022-02-06 19:00:47
Большунов заслужил золото!
+3
Asmat84
2022-02-07 14:54:22
Алтын утмактан балекет утса да, өз өлкөсүнүн желеги жок чыкканы өтө өкүнүчтүү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан