Бишкектеги өрт: Кырсык катталган жерге министрдин орун басары барды

Бишкектеги Маевка айылындагы кампадан чыккан өрттү көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Маевка айылында жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана ыкчам топ тартылды. Өрт саат 15:32де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Абалды көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жеринде", - деп билдиришти ӨКМдан.
ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sanjura
2022-02-06 17:42:55
Өздөрүнө тиешелүү окшойт, мындай унаанын тетиктерин алып келип сатуу анча мынча жөн адамдын колунан келе бербейт ушунча көлөмдөгү.Болбосо мындай жерге дегеле барчу эмес эле.
+1
Asmat84
2022-02-07 09:53:27
Sanjura, мен да ошентип ойлоп калдым
0
Rusi79
2022-02-06 20:03:39
Бизде орт кырсыгынын алдын алуу,сактануу,ортко каршы каражатарды колдонуу нольдон да томон.
Бизде бир эле нерсе бар "кудай сактасын"деген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан