Орусиянын президенти Владимир Путин Пекин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде уктап кетти. Мындай учур түз эфирде көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, параддан Украинанын олимпиадалык курама командасы өтүп бара жатканда Владимир Путин уктап калган жана бул учур түз эфирден көрсөтүлгөн.
Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Украинанын он спортчусу параддан өтүштү. Анда Украинанын желегин Олимпиада чемпиону Александр Абраменко менен көркөм муз тебүү боюнча жаштар Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Александра Назарова көтөрүп чыккан.