Аламүдүндө унаа тектиктерин сактоочу кампадан чыккан өрттөн жабыркагандар жок

Аламүдүн районунун Маевка айылында унаа тектиктерин сактоочу кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы Өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында саат 15:32де чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 21:28де өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен контейнерлерден курулган 3 кабаттуу кампа өрттөнгөн. Аталган кампанын жалпы аянты болжол менен 450 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zynk
2022-02-07 10:29:15
Тектиктер болуп калыптыр ондоп койбосонор!)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан